Кечээ, 26-декабрда Норвегияда автобус оодарылып, 3 адам каза болду. Басылмалар жазган маалыматтарга караганда, 4 адам жаракат алган.
Полициянын маалыматына ылайык, автобус Нарвик шаарынан Лофотенск аралына бара жаткан. Ал эми кырсык Норвегиянын түндүк-батыш жээгиндеги Хадсел районунда болгон. Автобус жолдон чыгып, Асватнет көлүнө кулап кеткен. Жүргүнчү ташуучу автобус оодарылып кеткен. Бийлик автобус 58 адамды ташыганын айтып, алардын арасында чет элдиктер да болгонун билдирди.
Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар тик учак менен Стокмаркнес ооруканасына, ал эми калган жүргүнчүлөр жакынкы мектепке жеткирилген.








