Норвегияда дарыгер 88 бейтапты зордуктоого шектелип жатат

Норвегиянын соту дээрлик 20 жыл бою бейтаптарга сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүп, видеого тартып келген дарыгердин ишин карап жатат. Ал күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, текшерүү учурунда өзү ойлоп тапкан ыкмаларды колдонгонун айтып актанганга аракет кылган. NRK телеканалы бул окуя тууралуу айтып берди. 

Фрост муниципалитетинин мурдагы башкы дарыгери, 55 жаштагы жалпы практикалык дарыгер Арне Байге 88 бейтапка сексуалдык зомбулук көрсөткөн жана 94 аялга карата сексуалдык аракеттерди жасоо үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылууда. Дарыгер 3 зордуктоо жана 35 зомбулук эпизоду үчүн гана жоопкерчиликти алган.

Иштин материалдарында айтылгандай, Арне Бай көп жылдар бою муниципалитеттин башкы дарыгери катары кызмат абалынан пайдаланып, бейтаптарды бөтөн нерселердин жардамы менен текшерүүгө алып, аялдардын кабары жок видеого тартып алып турган. Гинекологиялык инструменттердин ордуна колдонгон бөтөн буюмдар соттук отурумда көрсөтүлгөн эмес, анткени полиция аларды тапкан эмес. Бирок өзү тартып жүргөн видеодон аялдарга карата пластик бөтөлкө, дезодоранттын бөтөлкөсү, ошондой эле ичине лампочка орнотулган жумуртка сымал белгисиз нерсени колдонуп келгени аныкталган.

Терапевттин үйүнөн жалпы узундугу 5,5 миң сааттан ашык видео жазуулар жана алардын 387 миңден ашык скриншоту табылган. Ал диагностика жана рецепт боюнча дооматтар болгондо пайдалануу максатында жаздырып жүргөнүн айткан. 

Байга каршы козголгон кылмыш эпизоддору 2004-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилге туура келет. Анын болжолдуу курмандыктары арасында бири-бири менен тууган болгон аялдар да бар. Эң улуу жабырлануучу 67 жашта, эң кичүүсү 14 жана 15 жашта. Терапевттин үстүнөн арыздар 2006-жылдан бери келип түшкөн. Бирок 2022-жылы гана терапевттин иштөөгө уруксаты жокко чыгарылган.