Нөшөрлөп жааган жамгырдан Түркиянын Адана шаарын суу каптады

Нөшөрлөп жааган жамгырдан Түркиянын Адана шаарын суу каптады. Интернетке тараган видеолордон көп кабаттуу имараттардын 1-кабатын суу каптап киргенин көрүүгө болот. Айрым айдоочулар унаасында камалып калып, куткаруучуларды чакырууга туура келген.