«Ну, погоди!» мультфильминин жаратуучуларынын бири көз жумду

Советтик жазуучу, сценарист, балдар бир кезде сүйүп көргөн «Ну, погоди!» анимациялык сериясынын жаратуучуларынын бири Александр Курляндский 82 жашында бүгүн көз жумду.

Жазуучу «Великолепный Гоша» жана «Возвращение блудного попугая” мультфильмдерин жаратуу үстүндө да иштеген. Анын сценарийлери менен 40тай мультфильмдер тартылган.

1988-жылы Курляндский СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. 2007-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген искусство ишмери наамын алган.