Нукенованын өлүмү: Бишимбаев 24 жылга эркинен ажыратылды

Бүгүн, 13-майда Астана соту аялын өлтүрүүгө айыпталган экс-министр Куандык Бишимбаевдин иши боюнча өкүм чыгарып, аны күнөөлүү деп табуу менен 24 жылга кести. Анын тууганы Бакытжан Байжанов 4 жылга эркинен ажыратылды.

Бишимбаев «Өтө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» жана «Кыйноо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Салтанат Нукенованын жакындары Куандык Бишимбаевдин өмүр бою эркинен ажыратылышы керектигин айтып жатышкан эле.