Нур-Султан шаарында быйтыкчалуу жол чырактар пайда болду

Казакстандын борбор калаасы Нур-Султан шаарындагы көчөлөрдө жаңы жол чырактар пайда болду. Сынап көрүү максатында жол чырактарга быйтыкчалар кошулган.

Адистердин айтымында, быйтыкчалар жаштар арасында өтө таанымал жана көп пайдаланылганы эске алынган. Бул иш жаш жөө жүргүнчүлөрдүн, балдардын визуалдык кабыл алуусун жакшыртууга багытталат.

Ошондой эле жол чырактарга үн чыгаруучу жабдыктарды да кошуу планы бар экени белгилүү болду.