Нурсултан Назарбаев небереси Айсултандын өлүмү боюнча алгачкы ирет үн катты

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев небереси Айсултан Назарбаевдин өлүмү боюнча алгачкы ирет үн катты. Бул боюнча ал өзү тууралуу тартылган документалдуу тасманын 3-сериясында айткан.

“Үч кызым, татынакай неберелерим бар. Тилекке каршы, бул жылы (ред. 2020-жылы) мага абдан окшош болгон бир неберемден айрылып калдык. Мен ал неберемдин эрте каза болгонуна абдан өкүнөм”, — деген Назарбаев.

Ошондой эле, баңгизатка көз каранды болгон небересин дарылоо үчүн болгон аракетин жумшаганын кошумчалаган.

“Айсултанды эч жакка жибербей койсок деле болмок, бирок кармап отуруу мүмкүн эмес болчу. Ал бул иштин кулу болуп калган, өзүн токтото алчу эмес. Биз аны Москвадан, Лондондон дарыладык. Бир аз айыгып, кайра эле баштачу”, — деген ал.

Белгилей кетсек, Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев 2020-жылы 16-августта каза болгон. Өлүмдүн себеби катары Айсултандын жүрөгү токтоп калган деп кабарланган. Ага карабай, кээ бир маалымат булактары аны баңгиге ууланган деп жазып чыгышкан.