Нурсултан Назарбаев: «Кыргызстан демократиянын аралчасы, анан? 30 жылда эч бир иш жасалган жок» (видео)

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев «Штрихи к портрету» даректүү долбоорунун алкагында маек курду. Анда ал Кыргызстан жөнүндө да кеп козгогон. 

Журналист Казакстандын демократиясына байланышкан суроо узаткан. Назарбаев өлкө дагы деле демократиянын башында тургандыгын, бирок процессти шаштыруунун кажети жок экенин белгилеп, бул өңүттө Кыргызстанды мисал келтирген. «Биз жолдун башында турабыз. Бир жагынан Кытай, экинчи жагында Орусия. Бул өлкөлөрдүн бизге таасири күчтүү. Кыргызстан демократиянын аралчасы, анан? Кейиштүү. Чындыгында жакын, боордош адамдар. 30 жылдын ичинде бир нерсе жасалдыбы? Мен ар бир президентти колдоп, бул жакка чакырып, акча, насыя сунуш кылдым. Бирок эч нерсе жасалган жок да», — деди ал.

28-мүнөттө.