«Назарбаев тирүү, ал Бишкек аркылуу Бириккен Араб Эмираттарына учуп кеткен» дешет айылдаштары

«Нурсултан Назарбаев тирүү, ал ооруп жаткан иниси Болатты көргөнү келип, кийин Бишкек аркылуу Бириккен Араб Эмираттарына учуп кеткен» дешет айылдаштары. Бул тууралуу «Московский комсомолец» Казакстандын туңгуч президентинин туулган айылы Алматыга жакын Шамалганга барып даярдаган макаласында жазды.

Айылдаштарынын айтымында, елбасы туулган айылында 2-3-январь күндөрүндө болуп, кийин Кыргызстан аркылуу Бириккен Араб Эмираттарына учкан. «Назарбаев бул жакка Жаңы жылдан кийин ооруп жаткан иниси көргөнү келген. Менин билишимче, Назарбаев жана анын үй-бүлөсүнүн айрым мүчөлөрү брондолгон унааларда кыргыз чек арасын көздөй кетишкен. Ал жактан аларды тосуп алышып, аэропортко жеткирип, кийин баары Араб Эмираттарына учушкан», — деп айтып берген айыл тургундарынын бири. Анын билдиришинче, Казакстандын туңгуч президентине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жардам берген болушу мүмкүн. Ал мындай кадамы менен 2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевди елбасы сактап калып, Апрель окуясында өлкөдөн алып чыгып кеткенине жооп кылган деген.

Орусиялык басылманын журналисттери айылдын мүрзөсүнө да баш багышып, анда жаңы көмүлгөн жайлар жок экендигине ынанышкан.