Нурсултан Назарбаевдин экинчи аялы жана андан эки уулу бар экени ачыкталды

Казакстандын биринчи президенти, өлкөнү 1989-2019-жылдары башкарган Нурсултан Назарбаев экинчи аялы жана андан эки уулу бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал Казакстандын «Фолиант» басмасынан чыга турган «Менин жашоом» аттуу автобиографиялык китебинде жазган. Назарбаевдин экинчи үй-бүлөсү тууралуу баяндаган эскерүүлөрдөн үзүндүнү Orda.kz жарыялады.

Назарбаев болочок жубайы Асел Исабаева менен Талдыкоргонго болгон сапарында таанышканын айтты.

«Өлкө башчынын аймактарга болгон иш сапарында учактын тепкичинде гүлдөр менен тосуп алышат. Мындай аземге катышуу үчүн эң сулуу жергиликтүү кыздар тандалып алынары белгилүү. Бул биз көнгөн, жагымдуу ритуал. Бирок ошол окуя өзгөчө таасир калтырды. Аэропортто мага гүл тартуулаган кыз укмуштай сулуу эле. Мен көп учурда анын жалындуу көз карашы жана жарашыктуу фигурасын эстей берчүмүн», — деп жазат Назарбаев.

Экс-президенттин айтымында, ал Аселди 1999-жылы «Мисс Казахстан» сулуулар сынагынын башкы сыйлыгын жеңип алганы тууралуу маалыматтар чыккандан кийин тапкан. «Таанышуубуз жакшы көрүүгө, кийин жакындашууга айланды. Бара-бара сүйлөшүп баштадык. Аселдин сырткы келбетинен да, оюнан да мен издеген көптөгөн сапаттарды көрдүм. Эң негизгиси, мен көп жылдардан бери келе жаткан руханий жалгыздыктан арылдым«, — дейт ал.

Эскерүүлөрдө жубайлар нике кыюу аркылуу баш кошуп, 2005 жана 2008-жылдары Тауман жана Байкен аттуу уулдуу болушкандыгы айтылат.