Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жубайы Сара Назарбаева ооруп жатканын Алматы коомдук кеңешинин мүчөсү Рафаэль Гасанов билдирди.
«Сара Алпысовнанын ооруп жатканы чынбы?» деп сурашат. Ооба, тилекке каршы, бул чындык», — деп жазган ал Фейсбуктагы баракчасына.
«Орда» басылмасы өз булактарына таянып, ал Алматыдагы Казакстандын президентинин администрациясынын медициналык борборунун ооруканасында, жакын туугандары менен экенин жазды. «Курсив» басылмасы да дал ушундай маалымат менен бөлүштү.
Сара Назарбаева (Конакаева) 1941-жылы 12-февралда Караганда облусунда төрөлүп, мектептен кийин экономист адистигине ээ болгон. Ал Назарбаев менен 21 жашында таанышып, баш кошушуп, Дарига, Динара жана Алия аттуу үч кыздуу болушкан.