Нурсултан Назарбаевдин үчүнчү күйөө баласы кызматтан кетти

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин үчүнчү күйөө баласы Тимур Кулибаев сегиз жылдан бери ээлеп келген ишкерлердин “Атамекен” улуттук палатасынын төрагалыгынан кетти. Кулибаевдин мындай кайрылуусу аталган палатанын сайтына жарыяланды.

“Бүгүнтөн баштап ишкерлердин “Атамекен” улуттук палатасынын төрагалыгын тапшырып берүүнү туура көрдүм” деп айтылат билдирүүдө.

Тимур Кулибаев экс-президенттин ортончу кызы Динара Назарбаеванын жолдошу.

Буга чейин  Дарига жана Алия Назарбаеванын жолдоштору ээлеген кызматтарынан бошотулган. Дарига Назарбаеванын жарандык жолдошу Кайрат Шарипбаев «КазТрансГаз» компаниясынын төрагалыгынан кетсе, Алия Назарбаеванын жолдошу Димаш Досанов «КазТрансОйл» компаниясынын жетекчилик креслосун бошотту.