Нью-Йоркто кызмат учурунда каза болгон полиция кызматкерин акыркы сапарга узатууга миңдеген кесиптеши келди

Нью-Йоркто кызмат учурунда каза болгон полиция кызматкерин акыркы сапарга узатууга миңдеген кесиптеши келди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Нью-Йорк шаарында кызмат учурунда каза болгон Жейсон Ривера аттуу полиция кызматкери сый-урмат менен жерге берилди. Акыркы сапарга узатууга анын миңдеген кесиптештери келди. 22 жаштагы Жейсон Ривера үй-бүлөлүк-зомбулукка арызданган аялдын чалуусуна байланыштуу Гарлемге келгенде атып өлтүрүлгөн. Окту үйдө жашаган эркек чыгарган. Жейсон Риверанын шериги да оор жаракат алган. Кылмыш болгон жерге келген үчүнчү полиция кызматкери кол салган адамды атып өлтүргөн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.