Нью-Йоркто өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

АКШнын президенти Жо Байден кар бороонуна байланыштуу Нью-Йорк штатында өзгөчө кырдаал жарыялады. Ал штатка федералдык жардам көрсөтүүгө буйрук берди.

Байден өзгөчө кырдаалдар агенттигине жана Улуттук коопсуздук департаментине жардам көрсөтүү аракеттерин координациялоого ыйгарым укук берди.

Бороон АКШда өткөн жуманын аягында башталган. Өлкө боюнча 50гө чукул адам каза болуп, бир күн мурун 4 миңге жакын каттам токтотулган.