Нью-Йорктогу Эркиндик статуясына күчтүү чагылган түштү. Чагылган түздөн-түз факелге тийген. Сейрек кездешүүчү кадрлар социалдык тармактарда тарады. Объекттин өзү жабыркаган эмес.
«Чагылган статуяга жылына көп эле жолу түшөт. Чагылгандан коргоочу, электр жабдууларын жерге туташтырган 4 кабель бар. Эч кандай зыяны жок», — деп билдирди шаардык парктар башкармалыгынын басма сөз кызматы.