Нью-Йорктогу Гудзон дарыясына тик учак кулап түштү (видео)

Нью-Йоркто тик учак Гудзон дарыясына кулап түшүп, 6 адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, тик учакта учкуч жана Испаниядан барган үй-бүлө болгон. Ичинде эки чоң киши жана үч бала болгону айтылды. 

«6 адамдын жансыз денеси суудан чыгарылды»,- деп айтылат маалыматта. Кырсык эмнеден улам болгону азырынча айтыла элек.