Нью-Йорктун борборунда АКШнын балатысынын чырактары күйгүзүлдү (видео)

Нью-Йоркто өлкөнүн башкы балатысынын чырактары күйгүзүлдү. Ал шаардагы эң бийик асман тиреген имараттардын бири — Рокфеллер борборунун жанында орнотулган. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыкты.

Балатынын 85 жылдык отун жандыруу аземине ырчылар, актёрлор жана журналисттер катышты. Анын бийиктиги 24 метр, салмагы 12 тонна. Гирлянданын узундугу 8 чакырым жана 50 миң түркүн түстүү лампалардан турат. Аны даракка бекитүү үчүн жумушчуларга эки жумадай убакыт кеткен. 

Нью-Йорктун борборуна жаңы жылдык балаты отургузуу салты 1930-жылдардын башында пайда болгон. 1931-жылы Рокфеллер борборун тургузган жумушчулар аны биринчи жолу курулуш аянтына орнотушкан. Алгачкы балатынын чырактарын жандыруу иш-чарасы 1933-жылы болгон.