Өч алуубу? «Барселона» Шакиранын сүрөтү түшүрүлгөн форма менен ойношу мүмкүн

«Барселона» командасы ырчы Шакиранын сүрөтү түшүрүлгөн форма менен ойношу мүмкүн. Бул сезондо клубдун Spotify платформасы менен кызматташтыгы катары болушу ыктымалдыгын «ESPN» билдирди.

Ла Лиганын 9-турунда «Реал Мадрид» менен болгон беттеште (1:3) каталониялык команданын оюнчулары рэпер Дрейктин логотиби түшүрүлгөн футболкаларды кийип чыгышкан. Июнь айында «Барселонанын» коргоочусу Жерар Пике колумбиялык ырчы менен 12 жылдык мамилесинен кийин ажырашып кеткен. Буга футболчунун жубайынын көзүнө чөп салгандыгы себеп болгон.

Шакира жакында Пике менен ажырашуусунан кийин Monotonía синглин чыгарат. Кабарларга караганда, «Барселона» ырчынын имиджин көтөрүү боюнча келишимге кол коюуга дилгир.

Азырынча Шакиранын образы «Барселонанын» формасына кандайча жасалгалары так белгисиз.