«Один дома» тасмасындагы Кевин менен апасы Кейт Маккалистер 32 жылдан кийин (сүрөт)

Жаңы жылды «Один дома» тасмасы жок элестетүү кыйын. Маколей Калкин Рождество майрамына үй-бүлөсү Парижге учуп кеткенде Чикагодогу үйүндө унутулуп калган Кевин Маккаллистердин ролун аткарган.

Башында Кевин үйдө жалгыздыктан ырахат алган, бирок көп өтпөй ага Жо Пеши жана Дэниел Стерндин ролун аткарган эки каракчы менен күрөшүүгө туура келген. Тасма АКШда 1990-жылдын 10-ноябрынан тарта прокатка чыккан. Ошондон ушул күнгө чейин жыл сайын Жаңы жыл майрамында популярдуулугун жоготпой келет. 

Дүйнөлүк ЖМКлар дал ошол тасмадагы Кевин жана анын апасы Кейт Маккалистердин 32 жылдан кийинки сүрөтүн жарыялашты.