Офтальмолог: «Кирпик коштуруудан адам сокур болуп калышы мүмкүн»

Кирпик коштуруу көздүн саламаттыгына терс таасирин тийгизип, кээ бир учурларда көрүүнүн толук жоголушуна алып келет. Бул тууралуу окулист, медицина илимдеринин кандидаты Владимир Агеев Gazeta.ru сайтына билдирди.

Анын айтымында, узартылган кирпиктер сурманын терисинде сезгенүү процесстеринин пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Ал белгилегендей, кирпикке чаптачу клей өзгөчө коркунучтуу. Эгерде ал көздүн аймагына кирсе, кератитке — көздүн кабыгынын сезгенишине алып келиши мүмкүн.

«Бул өтө олуттуу оору, ал көздүн көрүүсүнүн начарлашы, ал эми кээ бир учурларда анын толук жоголушу менен коштолот. Эгерде кератитке шек болсо, мүмкүн болушунча тезирээк офтальмологдон жардамга кайрылыш керек”, — деп түшүндүрдү Агеев.