1912-жылы Атлантика океанынын түбүнө, 3800 метр тереңдикке чөгүп кеткен белгилүү «Титаник» кемесинин калдыктарын көрө турган туристтердин батискафы дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу The Guardian жазды.
Бортто 5 адам болгон, анын ичинде Улуу Британия менен Франциянын окумуштуулары жана изилдөөчүлөрү бар. Айрым маалыматтарга караганда, Action Group компаниясынын негиздөөчүсү, миллиардер Хэмиш Хардинг да бортто болгон.
Азыркы тапта учак жана суу астындагы жабдыктын жардамы менен издөө-куткаруу операциясы жүрүп жатат. Басылмалар жазган маалыматтарга ылайык, бортто 3 күнгө гана жеткен кислород бар.
«Титаникти» көрүү экскурсиясы 8 күндөн турат жана анын баасы 250 миң доллар. Экскурсиянын жүрүшүндө кырсыкка кабылган кемени көрүү да каралган. Суунун түбүнө түшүү жана кайра чыгуу баш-аягы 8 саатты алат.