Кыргызстандын куткаруучулары Жеңиш чокусунда калып калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны издөө иштерин убактылуу токтотту. Бул тууралуу ТАСС жазды.
«Аба ырайынын начарлашына байланыштуу азырынча куткаруу иштери болбойт», — деп айтылат маалыматта. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги издөө иштерин кайра баштоонун мөөнөтүн азырынча айта албай турганын билдирген.
Орусиялык альпинист Наталья Наговицына Кыргызстандагы Жеңиш чокусуна чыгуу учурунда оор жаракат алып, 7 миң метрдей бийиктикте 12-августтан бери жардам күтүп жатканын орусиялык «Маш» басылмасы жазып чыккан.
Кийинчерээк Shot Telegram каналы альпинист каза болгонун, анын кыймылдабай жатканын жазып чыккан.