Окумуштуулар биринчи жолу кит менен сүйлөшө алышты

Дэвистеги Калифорния университетинин, SETI жана Аляска кит фондунун окумуштуулары Твейн аттуу ургаачы кит менен ийгиликтүү 20 мүнөттүк диалог болгонун жарыялашты. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды. 

Изилдөөчүлөр киттер чыгарган үндүн аудио жазууларын тандап алып, уктурганда ал дээрлик бардыгына жооп берген. Бул тууралуу биология жана медициналык илимдер тармагындагы изилдөөлөргө арналган рецензияланган илимий журнал PeerJ жазат.

Окумуштуулар тогуз кит тобунун, анын ичинде Твейндин үндөрүн жазышып, алардын балдарын кайсы үн менен чакырарын аныкташкан. Твейн жалгыз калганда, ага үндү угузушкан, ал ошол эле үн менен жооп бере баштаган. Изилдөөчүнүн кемеси аудио берүүнү токтоткондо да, Твейн баарлашууга аракет кылып, убакыттын өтүшү менен кетип калган.