Окумуштуулар Брюс Линин өлүмүнүн сырын тапканын жарыялашты

Белгилүү актёр, кунг-фу легендасы Брюс Ли сууну көп ичкендиктен көз жумган болушу мүмкүн. Бул тууралуу Мадрид автономиялык университетинин испан окумуштуулары билдиргенин Tengri Lifestyle жазды.

Актёр 1973-жылы 32 жашында каза болгон. Экспертизадан кийин актердун өлүмүнө мээдеги шишик себеп болгону белгилүү болгон. Ал Брюс Ли ооруну басаңдатуучу дарыларды көп ичкендигинен улам өнүккөн дешкен. Бирок анын өлүмү тууралуу көптөгөн божомолдор айтылган. Ал тургай өлтүрүлгөн деген пикирлер да болгон.

Мадриддик илимпоздор 50 жыл мурун болгон каргашалуу окуяларга кайтып барууну чечишкен — алардын изилдөөсү кино жылдызы Брюс Линин табышмактуу өлүмү өтө көп суу ичкендиктен болушу мүмкүн экенин көрсөткөн. 

Суюктуктун «дозасынын» ашыкча болушу гипонатриемияны — кан плазмасындагы натрийдин деңгээлинин төмөндөшүн шарттайт. Натрий суюктук балансын сактоо денебиз үчүн зарыл. Акырында гипонатриемия актердун өлүмүнө алып келген мээ шишигинин өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн.

Изилдөө Брюс Ли гипонатриемия үчүн бир нече тобокелдик факторлору бар деп ырастайт. Мисалы, ал өлөр алдында суюктукту көп ичээри белгилүү болгон, ошондой эле дары-дармектерди жана спирт ичимдиктерин ичкен. «Биз Брюс Ли бөйрөгү суунун гомеостазын кармап туруу үчүн жетиштүү сууну бөлүп чыгара албагандыктан каза болду деп ойлойбуз. Бул гипонатриемияга, мээнин шишигине жана өлүмгө алып келиши мүмкүн», — деп жыйынтыктады окумуштуулар.