Окумуштуулар COVID-19 пандемиясы башталган жерди табышты

АКШ, Британия, Франция жана башка өлкөлөрдөн барган окумуштуулар тобу коронавирустун таралышынын булагы Кытайдын Ухань шаарындагы деңиз азыктарын саткан базары экенин далилдей алышты. Бул тууралуу америкалык Cell илимий журналында жарыяланган макалада айтылат. 

«Хуанань базары 12 миллиондон ашык калкы бар Ухань шаарында жапайы жаныбарлардын эң көп сатылган жери жана 4 тирүү жаныбарларды саткан базар болгон. 2019-жылдын күз айынын аягында бир нече сатуучулар енот түрдүү иттер, циветтер, бамбук келемиштери, малайзиялык дикобраз, амур кирпилери жана азия борсуктар сыяктуу тирүү жаныбарларды мыйзамсыз сатканы документтештирилген. Жапайы жаныбарларды сатуучулардын көбү базардын батыш канатында жайгашкан, ал жерде дагы COVID-19 инфекциясынын эң алгачкы жана эң көп учурлары катталган», — деп айтылат басылмада.

Базардан алынган генетикалык материалдын үлгүлөрүн изилдегенден кийин, алар коронавирустун жалпы генетикалык өзгөчөлүктөрүнө дал келери белгилүү болгон. Коронавирустун издери жаныбарлар камалган капастарда, аларды ташыган арабалар жана саркынды суулар чогулган жерде табылган.

Окумуштуулар вирустун жайылышынын эки гипотетикалык вариантын айтышат. Анын биринчиси, жаныбарлардан (кайсы түрдү так аныктоо мүмкүн болгон жок) адамдарга же тескерисинче базарга барган адамдардан жаныбарларга жуккан. 

ДССУ вирус лабораториялык шарттарда эмес, табигый жол менен пайда болгонуна көбүрөөк ишенет.