Окумуштуулар COVID-19дан коргонуунун өзгөчө ыкмасын табышты

Йель университетинин изилдөөчүлөр тобу суук тийүү адамды COVID-19дан сактай тургандыгын аныкташты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Адистердин айтымында, суук тийүүнү шарттаган вирус оорулуу адамда коронавирустун жугушун алдын алуучу иммундук жоопту, башкача айтканда, имунитетти пайда кылат. Бул ачылыш COVID-19га каршы натыйжалуу дарылоону табуунун башталышы болушу мүмкүн. Аталган иммунитет оорунун алгачкы этабында реакция кылып, организмде вирустун көбөйүшүнө жол бербеген интерферондон турат. Изилдөөчүлөр буга чейин кадимки суук тийгүүгө каршы иммунитеттин жогорулашы адамды сасык тумоодон сактай тургандыгын аныкташкан, ошондуктан окумуштуулар COVID-19 менен күрөшүүнүн ушундай жолун издей башташты.