ДССУ: «Коронавирустун индиялык штаммынын жайылышынан улам локдаун кириши мүмкүн»

Эгерде жакын арада коронавирустун индиялык штаммынын жайылышын токтотуу мүмкүн болбосо, анда локдаун киргизүү зарылдыгы келип чыгышы ыктымал. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун Орусиядагы өкүлү Мелита Вуйнович билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазышты.

«Вакцинация жана бет кап тагынуу режими сактоо керек, анткени «дельтага» эмдөө алуу жетишсиз. Эми биз кыска убакыттын ичинде күч-аракет жумшашыбыз керек, антпесе локдаун күтүп турат», — деди ал. Анын айтымында, жаңы штаммдын жайылышын толугу менен токтотуу бир гана массалык эмдөө аркылуу гана мүмкүн. «Вакцина алгандардын арасында дээрлик оорудан каза болгондор жок жана алар чанда гана реанимацияга түшүп калып жатат. Индиялык «дельта» штаммы адамдын организминде көп клеткаларына зыян келтирет, ошондон улам да башка адамдарга вирусту өткөрүү тобокели жогорулайт. Азырынча туу чокууга жете элекпиз, вирус ылдамдык менен тарап жатат», — деди уюмдун өкүлү.