Кытайлык сейсмологдордун тобу Кытайда жана ага коңшу аймактарда Мьянмада болгондой катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
Пекиндин жер титирөө агенттигинин окумуштуулары жакынкы жылдарда Кытайда жана анын айланасындагы аймактарда күчү 8 баллга жеткен күчтүү силкинүүлөрдүн болушу ыктымалдыгын болжолдошууда. Окумуштуулар 6 ири жер титирөө мезгилин аныктоо үчүн 1879-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки сейсмикалык активдүүлүктүн маалыматтарын талдап чыгышкан.
Марттын аягында Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен бир катар катуу жер титирөөлөр болгон. Жер титирөө Таиланд, Кытай жана Вьетнамда да сезилген.