Окумуштуулар организмдеги коронавирусту жок кылган мөмө-жемишти табышты

Окумуштуулар организмдеги коронавирусту жок кылган мөмө-жемишти табышты. Мындай жыйынтык Ульма университетинин Молекулярдык вирусология институтунун окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөдө айтылат.

Маалыматка ылайык, айрым өсүмдүктөр адамдын организминдеги коронавирустун активдүүлүгүн басаңдатууга жөндөмдүү келет. Изилдөөчүлөр эксперименттердин жүрүшүндө табигый өсүмдүктөрдү бөлмө температурасында вирустар менен аралаштырып, аз убакыттан кийин COVID-19 өзүн кандай алып жүрөрүнө байкоо жүргүзүшкөн. Коронавирустун, ошондой эле грипп вирусунун активдүүлүгүн басаңдатуучу эң эффективдүүсү бул – кара четиндин ашы жана анын ширеси деп билдиришет. Бул өсүмдүк адам организминдеги коронавирусту 97 пайызга чейин жок кыла алат.

Мындан сырткары, анар ширеси да вируска каршы күчтүү таасир этет. Анын жардамы менен COVID-19 козгогучтарынын 80 пайызын өлтүрсө болот. Окумуштуулар көк чай, бузинанын ширеси да вируска каршы күрөшө аларын аныкташкан. Мындай таасир, адистердин айтымында, вирус үчүн кыйратуучу болгон өсүмдүктүн кычкылдыгы жана анын полифенолдору менен байланыштуу.