Орусиялык алып баруучу жана ырчы Ольга Бузова 1-июнда Уфада өткөн Балдарды коргоо күнүнө арналган иш-чарада жарым-жылаңач сахнага чыкканы үчүн сынга алынып жатат. Анын үстүнөн түшкөн арыз Башкириянын Тергө комитетинде иликтенүүдө.
Атактуу айым катышкан концерттин уюштуруучулары 13 миңдей билет сатышкан, анын жарымынан көбү балдар түзөт. Иш-чара коммерциялык негизде өткөнү үчүн жергиликтүү бийлик катышуучулардын тизмесин түзгөн эместиги маалымдалууда.
Ольга Бузова жогорудагы окуя боюнча үн ката элек. Ал Уфанын мэри менен болгон жолугушуусунан видео жарыялап, бийлик өкүлү ырчыга жана анын командасына ыраазычылык билдиргенин айткан.
Казакстандын Ички иштер министрлиги өлкөнүн ар кайсы аймактарында болгон үч жол кырсыгынан 25 адам каза болгондон кийин жол кыймылынын катышуучуларына...
Бразилияда мурдагы президент Жаир Болсонару 27 жылга эркинен ажыратылды. Өлкөнүн Жогорку сотунун Судьялар кеңеши Болсонаруну 2022-жылдагы шайлоодо утулуп калгандан кийин...
Катманду шаарындагы абал массалык башаламандыктардан кийин акырындап турукташып жатат. Жергиликтүү аэропорт ачылып, кадимки каттамдарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу Khabarhub...