Олимпиада чемпиону болгон казак спортчусунун үйүнүн алдын асфальттап беришти (видео)

Таразда Олимпиада чемпиону Елдос Сметовдун үйүнүн алдындагы жолдун асфальты жаңыланды. Бул тууралуу ZTB News жазды. Олимпиаданын алтын медалынын ээси, дзюдочу Элдос Сметов бүгүн, 5-августта Казакстанга кайтып келип, Тараз шаарына сапар алган.

Басылманын маалыматына караганда, жергиликтүү администрация буга чейинки асфальтты жаңыртып, аймакты көрктөндүрүү иштерин баштоого жетишкен.