Олимпиада чемпиону жеңишин өлүп калган итине арнады

Париждеги Олимпиада оюндарында алтын медаль тагынган нидерландылык спортчу Шарон ван Раувендал жеңишин өлгөн итине арнаганын Tengri Sport басылмасы жазды.

Голландиялык сууда сүзүүчү Бразилияда өткөн Олимпиада оюндарындагы жеңишинин урматына помераниялык ит алып, Рио деп атаган. Париждеги Олимпиадага ити ооруп калган. Үй жаныбары өлгөндөн кийин спортчу анын урматына татуировка да жасаткан.

2024-жылы Парижде өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында Шарон ван Раувендаал 10 чакырымга сүзүү боюнча финалда жеңишке жеткен. Жарыштын жыйынтыгы чыккандан кийин Шарон көзүнө жаш алып, жеңишин Риого арнап, татуировкасын көрсөткөн.