Олимпиада: коло медаль алган кытайлык гимнаст көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду (видео)

Соцтармактарда Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болгон кытайлык гимнаст Чжоу Якиндин видеосу тарады. Сыягы 18 жаштагы спортчунун медаль тиштөө салтынан кабары жоктой. 

Биринчи жана үчүнчү орунду алган атаандаштары италиялык Алиса Д’Амато жана Манила Эспозито менен турган Якин алардын медалдарын тиштеп сүрөткө түшүп жатканын байкаган. Жаш спортчу аларга таң калып, бирок алардын артынан кайталоону чечкен.