Олимпиада: Түндүк Кореянын спортчулары Түштүк Кореянын спортчулары менен күлүп түшкөн сүрөтү үчүн жазаланат

Түндүк Кореянын стол тенниси боюнча спортчулары Парижде өткөн жайкы Олимпиада учурунда тартылган сүрөтү үчүн бийлик тарабынан жазага тартылып калуу коркунучунда. Бул тууралуу Daily NK жазды. 

Маалыматтарга караганда, түштүк кореялык спортчулар менен сүрөткө түшүп жатып жылмайган Ли Жон Сик менен Ким Кым Ёнду партия өкүлдөрү айыпташты. Спортчуларга үч этаптан турган идеологиялык сынак өткөрүлөт. Ал 15-августта спортчулар мекенине кайтканда башталган, бир айга созулат.