Олимпиадада испаниялык спортчу кыздын сүйүктүүсү анын колун сурады

Олимпиада учурунда испаниялык дзюдочу Лаура Мартинестин сүйүктүүсү анын колун сурады. 

25 жаштагы испаниялык спортчу кыз сүйүнүчтүү кабары тууралуу социалдык тармактарда айтып берди. Кыздын жигити, дзюдо боюнча өлкөнүн эки жолку чемпиону Хосе Антонио Аранда Париждеги Эйфель мунарасынын алдында колун сураган. 

«Макул болдум»,- деп жазды спортчу кыз. Белгилей кетсек, Париждеги оюндарда Лаура Мартинес 48 килограммга чейинки салмак категориясында 5-орунду ээлеген.