Олимпиадада Өзбекстандын курамасынын башкы машыктыруучусунун жүрөгүнүн согуусу саамга токтогон

8-августта Париждеги Олимпиада оюндарында Өзбекстандын бокс боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Тулкин Киличевдин жүрөгүнүн токтогонун Sky Sports басылмасы жазды. 

51 килограммга чейинки салмак ченинде финалда мушкер Хасанбой Дусматовдун жеңишке жеткен финалынан кийин Киличев мушкерлер машыккан жерде эс-учун жоготкон. Улуу Британиянын курамасынын дарыгери Хардж Сингх жана физиотерапевт Робби Лилис жардамга барышкан. Алар дефибрилляторду колдонууга туура келген.

«Машыктыруучу эс-учун жоготкон абалда болчу. Хардж жасалма дем алдыруу кылып, болжол менен 20-30 секунддан кийин өзүнө келди», — деди Лилис. Киличев ооруканага жеткирилген. Анын абалы туруктуу деп бааланууда.