Олимпиадага катышкан спортчу мурдагы жигити тарабынан өрттөлүп, көз жумду

Угандалык спортчу Ребекка Чептегеи мурунку жигитинин кол салуусунан каза болгонун Tengri Sport басылмасы жазды. Денесинин 75 пайызын күйүк алган спортчу буга чейин ооруканага жаткырылган.

Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, кол салган адам Ребеккага бензин чачып, өрттөп жиберген. Ошол эле учурда ал дагы күйүк алып, ооруканага жеткирилген.

«Мурунку жигитинин үрөй учурган кылмышынан кийин Ребекка Чептегеи катуу күйүктөн улам каза болду. Спортчу кызды мурдагы жигит өрттөп жибергенден кийин реанимацияга жаткырылган», — деп жазат Tuttosport.