Олимпиадага катышкан спортчуну өрттөп салган жигити да көз жумду

Угандалык спортчу Ребекка Чептегеи мурунку жигитинин кол салуусунан каза болгонун Tengri Sport басылмасы жазды. Денесинин 75 пайызын күйүк алган спортчу ооруканага түшкөн.

Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, кол салган адам Ребеккага бензин чачып, өрттөп жиберген. Ошол эле учурда жигити да дагы күйүк алып, ооруканага жеткирилген.

BBC News жазгандай, спортчунун жигити Диксон Ндиема 9-сентябрда ооруканада көз жумду. Анын денесинин 40 пайызы күйүп калып, дем алуу органдары жабыркаганына байланыштуу дем жетпей каза болгон. Полиция шектүүнүн каза болгонуна байланыштуу кылмыш ишти токтотту.