Олимпиаданын ТОП-10 эң бай катышуучулары кимдер? Тизме

2024-жылы Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарына катышуучу эң бай спортчулардын ысымдары белгилүү болду.

Олимпиадага катышуу үчүн ар кайсы өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу келди.

Sun порталы Олимпиаданын эң бай 10 спортчусун тааныштырды. Биринчи орунду АКШ командасынын атынан чыккан баскетболчусу Леброн Жеймс ээледи. Анын байлыгы болжол менен 1,19 миллиард долларга бааланган.

Олимпиаданын топ-10 эң бай катышуучулары:

  1. Леброн Жеймс (баскетбол, АКШ) — 1,19 миллиард доллар.
  2. Кевин Дюрант (баскетбол, АКШ) — 299,6 миллион доллар.
  3. Рори Макилрой (гольф, Ирландия) — 289,7 миллион доллар.
  4. Новак Жокович (теннис, Сербия) — 230,2 миллион доллар.
  5. Рафаэль Надаль (теннис, Испания) — 222,8 миллион доллар.
  6. Стефен Карри (баскетбол, АКШ) — 179,6 миллион доллар.
  7. Энди Мюррей (теннис, Улуу Британия) — 167,4 миллион доллар.
  8. Наоми Осака (теннис, Япония) — 49,9 миллион доллар.
  9. Кори Гауфф (теннис, АКШ) — 21,3 миллион доллар.
  10. Симона Байлз (гимнастика, АКШ) — 15,9 миллион доллар.