«Өлүм алдында жатканда кыздарыбыз яхтаны башкарышты». Орусияда жер кезген үй-бүлө 7 жылдан кийин үйүнө келди

7 жыл мурун дүйнө кезип, саякатка чыккан Орусиянын Новосибирск шаарынын тургундары Клочковдор үй-бүлөсү мекенине кайтып келишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андрей Клочков, жубайы Марина жана 2, 12 жашар кыздары менен 2014-жылы «Леди Мэри» аттуу яхта менен саякатка чыгышкан. Дүйнө кезүү саякаты 7 жылга созулуп, кыздары деңиз бетинде жүрүп чоңоюшкан.

Клочковдор үй-бүлөсү Кариб деңиздери, түбүндө 800дөн ашык кемелерди жашырган коркунучтуу Горн аралын кезишкен. 7 жыл аралыгында 1 ирет чоң сыноого туш болуп, түгөйлөр араң аман калышкан. Тотукуш-балыкты жеген Андрей менен Марина бир саат өтпөй дене-бою, булчуңдары ооруп, кыймылга шайы келбей жатып калышат. «Биз төшөктө кыймылдай албай жатып калганда кыздарыбыз жээкке сүзүп барып тамак-аш алып келип,  суу берип бизди аман алып калышты. Эгер кыздарыбыз болбогондо биз өлүп калмакпыз», — деп эскерген Марина Клочкова.

Саякат учурунда түгөйлөрдү кыздарын окуудан калтырды деп сындагандар болгон. А бирок шарты келген учурларда кыздары билим алууну улантып жүрүшкөн. Ковид пандемиясы учурунда 1 жылга Австралиянын Перт шаарында калып кетишкенде кичүү кызы жергиликтүү мектепте окуган.

Саякатчылар учурда «Гиннес рекорддор китебине» кирүүгө үмүт артууда. 20 жаштагы кызы Анастасия Арктикадагы экспедициялык яхталарда матрос болуп иштөөгө камынса, кичүү кызы Лада акыры короодо достору менен ойноп, мектепке туруктуу бара баштайт. Андрей Клочков болсо яхта айдоочуларга тиешелүү бизнес ачып, ал эми жубайы Марина саякат тууралуу китеп жазып чыкмакчы.