Омикрон штаммы коронавирусту кайра жуктуруп алуу коркунучун үч эсе жогорулатат

Коронавирустун жаңы омикрон штаммы мурунку мутацияларга караганда COVID-19 менен ооруган адамдар үчүн үч эсе жугуштуу. Мындай тыянакка Түштүк Африканын эпидемиологиялык моделдөө жана талдоо борборунун жана Жугуштуу оорулар улуттук институтунун окумуштуулары келишти. Бул тууралуу Reuters жазып чыкты. 

«Маалыматтар омикрондун коронавирустун мурунку варианттарын жуктуруп алгандар алган COVID-19 иммунитетин айланып өтүүгө жөндөмдүү экенин көрсөтүп турат», — деп айтылат изилдөөдө. Кызматкерлердин айтымында, вакцинация гана коронавирустан коргой алат. 

Ондогон өлкөлөрдө омикрон штаммдарын жуктуруп алуу учурлары катталган. Кыргызстанда азырынча мындай учур каттала элек.