«Өмүр бою бекер ичет». АКШда ымыркайга сыранын аталышын ысым кылып коюшту

АКШда ымыркайга сыранын аталышы ыйгарылган жана ага сыра заводдорунун биринен өмүр бою бекер ичүүгө уруксат берилди. 

Мичигандык аял төрөтканага бараткан жолдо толгоосу башталып, ымыркайдын атасы жакын жердеги One Well Brewing пиво заводунун унаа токтотуучу жайында төрөт кабыл алууга аргасыз болгон. Алар ымыркайдын атын ушул пиво заводунун сүйүктүү сырасынын атынан Форрест деп коюуну чечишкен.

Пиво заводун бул окуя абдан таасирленип, жаңы төрөлгөн Форрест Уэллс Бейкердин урматына Special Delivery деп аталган жаңы сыраны чыгарууну чечкен. Анын үстүнө мекеменин ээлери ал бойго жеткенде өмүр бою ичүүгө бекер сыра сунушташты.