«Он бири сезилген». Казакстанда 23-январдан бери 1900дөн ашык жер титирөө катталган

23-январдан бери Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сейсмологиялык байкоо жана изилдөө улуттук илимий борбору 1900дөн ашык жер титирөөнү каттады. Анын ичинен 11 жер титирөө сезилген. Бул тууралуу Казак ӨКМи жазды. 

Сейсмикалык активдүүлүк Кытай менен Кыргызстандын чек арасында болгон катуу жер титирөөдөн улам келип чыккан. Сейсмикалык активдештирүү процесси акырындык менен басаңдап, кадимки режимге кайтып келет.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги элди сабырдуулукка жана дүрбөлөңгө алдырбоого чакырды.