«Ооганстан жөнүндө жазат». Анжелина Жоли Инстаграмга катталды

Голливуд актрисасы Анжелина Жоли Инстаграм социалдык тармагына катталып, жергиликтүү тургундардын сөздөрүнө таянып, Ооганстандагы абал тууралуу айтып берет. Бул тууралуу ал 21-августта верификациядан өткөн баракчасында жарыялады. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

«Азыр Ооганстандын эли социалдык тармактарда баарлашуу жана өз ойлорун эркин билдирүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп жатат. Ошондуктан, мен алардын окуялары менен бөлүшүү үчүн Инстаграмга катталып, адам укугу үчүн күрөшүп жаткандардын атынан сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бердим”, — деп жазат ал.

Ал алгачкы постун кичинекей кыздын каты менен баштады, «анда Оогандар Талибдерден коркуп жашашат» деп жазылган. Анын айтымында, алар келгенден тартып, бардык кыялдар артта калды. Кыз ошондой эле эл 20 жыл артка кетиши мүмкүн экенин жана укуктар болбойт деп коркот. «Жашоо караңгы, баарыбыз эркиндигибизди жоготтук, эми кайра түрмөдөбүз», — деп жыйынтыктайт сөзүн.