Ооганстан «Талибандын» көзөмөлүндө. Учурда эмне болуп жатат?

«Талибан» радикалдык кыймылы Ооганстандын бардык аймагын толук көзөмөлгө алганын жарыялады. Өлкөнүн президенти Ашраф Гани кызматтан кеткени белгилүү болду. Азыр эмне болуп жатканын жергиликтүү жана эл аралык ЖМКлар жазып жатышат.

Ооган Tolo News агенттигинин маалыматына ылайык, Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен. Ырастоону талап кылган маалыматка ылайык, анын Тажикстанга учуп кеткени айтылды.

Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёевге телефон чалды. Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, «Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүшү кылдат талкууланды. Муну эске алуу менен Орусия жана Өзбекстандын тиешелүү министрликтери менен ведомстволорунун өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү макулдашылды».

Al Arabiya телеканалы билдиргендей, убактылуу өкмөт түзүлөт. Аны Ооганстандын Ички иштер министрлигинин мурдагы башчысы Али Ахмад Жалали жетектейт. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарлашынча, Талибандын Катардагы саясий кеңсесинин башчысы Абдул Гани Барадар өлкөнүн лидери болот.