Ооганстанда адам өлтүргөн делген жаран өлүм жазасына тартылды

Ооганстанда бийликти басып алгандан бери биринчи жолу талиптердин радикал кыймылы эл алдында өлүм жазасына тартты.

Ал Фарах шаарындагы стадиондо болду. Бул тууралуу 8-декабрда Би-Би-Си талибдердин расмий өкүлүнө шилтеме берүү менен билдирди. Өлтүрүлгөн адам Герат провинциясынын Тажмир аттуу тургуну болгон, ал бир адамды өлтүрүп, мотоцикл менен уюлдук телефонун тартып алган. Өлүм жазасын өлтүрүлгөн адамдын атасы аткарган.

Өлүм учурунда Фарах шаарындагы стадиондо миңдеген адамдар, алардын арасында радикалдык кыймылдын жогорку даражалуу өкүлдөрү да болгон.