Ооганстанда аялдардын бири-бири менен сүйлөшүүсүнө тыюу салынды

Ооганстанда эркектер менен гана эмес, аялдардын бири-бири менен сүйлөшүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды.

Ошондой эле башка аялдардын көзүнчө Куранды үн чыгарып окуудан алыс болушу керек. Тыюу салуу Талибандын жамандыктар жана жакшылыктар жөнүндөгү мыйзамдардын биринчи расмий декларациясында камтылган.

Буга чейин аялдардын ырдоосуна жана үн чыгарып окуусуна тыюу салынган.