Ооганстанда аялдардын ырдоосуна жана үн чыгарып окуусуна тыюу салынды

Талибдер аялдардын коомдук жайларда ырдоосуна жана үн чыгарып окуусуна тыюу салды. Бул тууралуу Ооганстандын жогорку лидери Хайбатулла Ахунзада бекиткен мыйзамдарда айтылат.

Мыйзамдагы 13-берене аялдарга тиешелүү. Анда аялдардын денесин коомдук жайларда жаап жүрүүсү талап кылынары, кийимдер жука, тыкыс жана кыска болбошу керектиги айтылат. Башкаларды азгыруудан сактоо үчүн бетти да жабуу керек.

Аялдын үнү интимдүү деп эсептелинет, андыктан ал эл алдында ырдабашы, ыр окубашы, үн чыгарып окубашы керек. Аялдарга тууганчылыгы жана никеси жок эркектерди кароого тыюу салынган.