Ооганстандын чыгышында, Пакистан менен чектешкен жерге жакын жерде 6 баллдык жер титирөө болуп, акыркы маалыматтарга караганда, 500дөй киши каза болуп, миңге чукул адам жаракат алганын дүйнөлүк маалымат каражаттары кабарлады.
Маалыматка караганда, жер титирөө 1-сентябрга караган түнү саат 23:47де болуп, анын очогу Нангархар провинциясындагы Желалабад шаарынан 27 чакырым түндүк-чыгышта болгон.
20 мүнөттөн кийин ошол эле провинцияда дагы 4,5 баллдык жер титирөө болгон. Көптөгөн ылай жана таш үйлөр талкаланган. Куткаруучулар урандылардын астында калгандарды издеп жатышат.











