Ооганстанда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1400дөн ашты

Ооганстандагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1411 адамга жеткенин CNN жазды.

Андагы маалымат боюнча, кеминде 3124 адам жабыркап, 5412 ашуун үй кыйраган.

1-сентябрга караган түнү Ооганстандын борбору Кабулдан 200 чакырым алыстыкта ​​күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду. Ошондой эле күчү 4,5-5,2 баллга жеткен жер титирөөлөр катталган. Жер титирөөнүн очогу жайгашкан Кунар провинциясы олуттуу зыянга учураган.